Темир-Корук айылында заманбап кичи футбол аянтчасы ийгиликтүү курулуп, расмий түрдө колдонууга тапшырылды.
Ачылуу аземи Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары Нурайым Эрмекалиевна, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Г. Камаловна, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү А. Кеңеш кызы, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Тиленбаев, ошондой эле айыл аксакалдары жана тургундардын катышуусунда өттү. Аксакалдардын батасы менен аянтча салтанаттуу түрдө ачылды.
📌 Курулуш тууралуу маалымат:
▪️ Курулуштун аянты: 1040 чарчы метр
▪️ Буйрутмачы: Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү
▪️ Подрядчы: “АИСТ-СТРОЙ” ЖЧК
Жетекчиси: Абидов Искендер Саидазимович
📞 Тел: 0778 727-878
▪️ Жооптуу мамлекеттик орган: Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү
💰 Каржылоо:
▪️ Долбоордун жалпы сметалык наркы: 4 212 990 сом
▪️ Тендердин жыйынтыгы менен:
“АИСТ-СТРОЙ” ЖЧК 3 399 549 сомго утуп, келишим түзүлгөн
▪️ Каржылоо булагы:
– Жергиликтүү бюджет: 1 212 990 сом
– Дем берүүчү (стим) грант: 2 186 559 сом
📅 Курулуш мөөнөтү:
▪️ Башталышы: 2025-жыл, сентябрь айы
▪️ Аякташы: 2025-жыл, декабрь айы
Ошондой эле жергиликтүү жамааттын колдоосу менен Темир-Корук орто мектебинин спорт залынын полу жаңыланып, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.
Бул долбоор айыл жаштары үчүн спорт менен машыгууга мыкты шарт түзөт.
#ТемирКорук
#КичиФутболАянтчасы
#АйылӨнүгүүсү
#СпортЖашоо
#Ноокат