Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Жандама айылында жабык типтеги спорт залдын курулуш иштери башталды.
Аталган долбоор айыл тургундарынын, айрыкча жаштардын ден соолугун чыңдоо жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды жакшыртуу максатында ишке ашырылууда. Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы 38 000 000 (отуз сегиз миллион) сомго тендер жарыяланган. Тендердин жыйынтыгында «БЕК ГРАНД СТРОЙ» курулуш компаниясы 29 100 000 (жыйырма тогуз миллион жүз миң) сом сунуштап, жеңүүчү болуп табылган. Азыркы учурда объектте бетон куюу иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери толук бүткөрүлгөндөн кийин спорт залды 2026-жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берүү пландалууда. Бул спорт залдын ишке берилиши Жандама айылындагы жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, калктын ден соолук маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
