Темир-Корук айылында кичи футбол аянтчасы курулууда
Темир-Корук айылынын Темир-Корук орто мектебинин административдик аймагында айыл тургундары үчүн кичи футбол аянтчасынын курулуш иштери башталды.
Долбоордун жалпы сметалык баасы 4 млн 213 миң сомду түзүп, анын ичинен 1 млн 213 миң сому жергиликтүү бюджеттен, ал эми 3 млн сому Кыргыз Республикасынын дем берүүчү грантынан каржыланды.
Курулуш иштери 2025-жылдын аягына чейин толук бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшыруу пландалууда.