Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт!
📅 Жарыяланган датасы: 2025-жылдын 17-июлу
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 2-февралындагы №24 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, ички кадрлар резервине төмөнкү топтор боюнча ачык конкурс жарыялайт:
- Башкы топ
- Улук топ
- Кенже топ
- Башкы топко талаптар:
- Билим деңгээли:
Жогорку билим – төмөнкү адистиктер боюнча:
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика. - Иш стажы:
- Мамлекеттик же муниципалдык кызматта – 3 жылдан кем эмес, же
- Тиешелүү кесиптик тармакта – 5 жылдан кем эмес.
- Компетенттүүлүк, билгичтик жана көндүмдөрү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү (Конституция, Эмгек кодекси, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” ж.б.)
- Стратегиялык пландарды иштеп чыгуу, бөлүмдөрдү башкаруу, мониторинг жүргүзүү, талдоо, чечимдерди кабыл алуу.
- Мамлекеттик жана расмий тилдерде эркин иш алып баруу.
- Компьютердик жана уюштуруу техникасын колдоно билүү.
- Улук топко талаптар:
- Билим деңгээли:
Жогорку билим – жогоруда көрсөтүлгөн тармактар боюнча. - Иш стажы:
- Мамлекеттик же муниципалдык кызматта – 1 жылдан кем эмес, же
- Кесиптик чөйрөдө – 3 жылдан кем эмес.
- Компетенттүүлүк:
- Негизги мыйзамдарды жана тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү.
- Документтер менен иштөө, маалыматты жыйноо жана системалаштыруу, сүйлөшүү жүргүзүү, жаңы шарттарга ыңгайлашуу.
- Компьютердик программаларды колдоно билүү.
III. Кенже топко талаптар:
- Билим деңгээли:
Жогорку же орто кесиптик билим – Социалдык иш, Мамлекеттик башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба ж.б. тармактар. - Иш стажы:
- Талап кылынбайт.
- Компетенттүүлүк:
- Конституция, “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдарын билүү.
- Документ даярдоо, кат алышуу, эл менен иштөө, компьютердик техниканы колдонуу.
Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер:
- Жеке арыз
- Өмүр баяны (соттолгондугу тууралуу маалымат менен)
- Кадрларды каттоо баракчасы
- Резюме, сүрөт
- Паспорттун көчүрмөсү
- Билим жана иш стажын тастыктаган документтер (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр)
- Сунуш каттар (болсо)
Документтерди тапшыруу мөөнөтү:
Жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 (он) иш күнүнүн ичинде төмөнкү дарекке тапшырылат:
📍 Дарек: Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн имараты, Жаңы-Ноокат айылы, Н.Найманбаев көчөсү №14
🗓 Сынак өтө турган күн талапкерлерге кошумча кабарланат.