Жаңы-Ноокат айыл аймагына караштуу Дөн-Кыштак айылынын Шакар-Кыштак көчөсүндө 380 метр аралыкка ичүүчү таза суу түтүгү жаңыртылууда.Бул демилге жергиликтүү тургундардын активдүү колдоосу менен ишке ашууда. Иш толук бүткөндөн кийин жалпы 45 кожолук таза, сапаттуу ичүүчү суу менен туруктуу камсыз болот. Бул иш-чара айыл аймагындагы жашоо шартты жакшыртуу жана тургундардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүп жатат.