🛣 Жаңы асфальт жол – элдин биримдигинин жыйынтыгы!
Жаңы-Ноокат айыл аймагына караштуу Дөн-Кыштак айылынын Р.Маматисманов көчөсүнө узундугу 680 метр, туурасы 4,8 метр болгон асфальт жол төшөлдү.
Бул иш-чара төмөнкү каржылоолордун негизинде ишке ашты:
✅ Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен – 740 000 сом
✅ Асфальт заводунун эсебинен – 100 000 сом
✅ Жергиликтүү жамаат (тургундар) тарабынан чогултулган каражат – 2 691 500 сом
💰 Жалпы сарпталган сумма: 3 531 500 сом
Бул демилге айыл тургундарынын активдүүлүгү, биримдиги жана колдоосу менен ийгиликтүү жүзөгө ашырылды.
🤝 Биргелешкен аракеттер менен дагы көптөгөн жакшы иштерди ишке ашырууга болот. Элдин күчү — бирдикте!