Жаңы-Ноокат айыл аймагында жаңы объект!
     Жаңы-Ноокат айыл аймагына караштуу Кызыл-Тейит айылынын Кызыл-Тейит орто мектебинин административдик аймагына кичи футбол аянтчасы курулуп бүткөрүлүп, бүгүн 2024-жылдын 26-декабрь күнү ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылышка Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Тиленбаев жана айылдын аксакалдары, айыл тургундары катышышты.
      Бул доолбордун жалпы суммасы 4 520 327 миң сомду түзүп, анын ичинен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 500 000 сом, мамлекеттик дем берүүчү гранттан 2 920 327 миң сом каржыланды.