МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК СТАНЦИЯ КУРУЛДУ.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар Министрлиги тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Жандама айылына караштуу Сурпа -Таш бөлүмүнө автоматтык метеорологиялык станция курулду. Аталган метеорологиялык станция күтүлүп жаткан өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча метеорологиялык маалыматтарды берип турат.